Жалгыз өзү, жеке өзү, өзү гана. Жан соогалап комуз чертип берип зорго кара башы кутулду (Бейшеналиев).
Өз керт башы, жеке өзү. Сүйүнчүгө эрмегим, Кара башым ал деди («Эр Табылды»). Жан соогалап комуз чертип берип зорго кара башы кутулду (Бейшеналиев). В.: Коколой башы. Тазабек коколой башы жүргөн молдокенин сазайын окутуп коюсу ыктымал (Сыдыкбеков). Кара жаны. Өздөрүнүн кара жанын ала качышты (Саатов).
Адам, адамдын өзү. Мен азыр кара башыл киши издеп чыктым (Сыдыкбеков). Кара башыл адамдан байге сайышы да ыктымал (Жантөшев). Кара башыл кишини, Байгеге саяр ою бар («Манас»).
Киши экендигин (адамдык касиетин) өзгөчө белгилөөчү эпитет катарында колдонулат. Мал турмак, кара башыл кишибизден айрылып кала жаздабадыкпы? («Ала-Тоо»). Мен азыр кара башыл киши издеп чыктым (Сыдыкбеков). Кара башыл адамдан байге сайышы да ыктымал (Жантөшев). Кара башыл кишини, Байгеге саяр ою бар («Манас»).
к.
БАШЫҢА КӨРҮНГҮР
Кара башыңа көрүнгүр! Эмне эле таң атпай шаңшып калган. Бул бала-бакыранын жанын койбойт ко (Укаев).
Кырсык, жамандык башкага эмес өзүңө тийсин, керт башыңа болсун деген мааниде колдонулат. Калп айтышса, алардын кара баштарына көрүнсүн («Ала-Тоо»). В.: Кара башыңа көрүнгүр! Андай кара башыңа көрүнгүр, төрөлөр күнү асман жарылып кетчүдөй күркүрөйт имиш (Осмоналиев).
Өлгүр, өлүп кеткир, өлүп калгыр деген маанидеги каргыш. Кара башыңды жуткур! Бутумду сыйра басып койдуңбу? (Убукеев).